www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 13 жаштагы кыз 7 жаштагы сиңдисин өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 04.57де РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жашы жете элек кыздын денесине оор залал келтирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
"Шектүү катары милиция бөлүмүнө маркум кыздын 13 жаштагы эжеси Э.И. мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда алынып келинген.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдарынын алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.