www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин Израилдин Иранга абадан жасаган чабуулунан улам эки өлкөнүн жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында маалымат Кремлдин сайтында жарыяланды.

Пикир алышуунун урунттуу учурлары:

Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкианга израилдик соккулардан улам жарандардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтты;

Россия Израилдин БУУнун жоболорун жана эл аралык укуктарды бузган ишин айыптайт;

РФ мындан ары да Иран менен Израилдин ортосундагы чатакты жөнгө салууга жардамын улантат;

Путин Израилдин премьер-министри Нетаньяху менен сүйлөшүүсүндө Ирандын өзөктүк программасына тиешелүү бардык маселени саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды;

РФ президенти чатакты мындан ары да ырбатып жибербеш үчүн ортомчу болуп берүүгө даяр экенин билдирди;

Россия тарап азыркы абалды жөнгө салуу үчүн Иран менен да, Израиль менен да тыгыз байланышта болот.

Эске салсак, өткөн түндө Израиль Иранга абадан сокку урду. Израилдин абадан коргонуу күчтөрү өзөктүк программа жана аскердик объектилер менен байланышы бар делген ондогон жайды бутага алган. Чабуулдан ирандык аскер командирлери да каза болгону айтылды. Сокку Тегеран менен Тебриз шаарларына жасалган.

Последние новости