www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 7 жашар кызды өлтүрө сүзгөн. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткени менен кайра кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 17-июнунда 20:30дар чамасында Ауди ТТ унаасынын айдоочусу Каралаев көчөсүнөн чыгышты көздөй бара жатып, бир үйдүн жанынан кызды коюп качып кеткен.

Жыйынтыгында, алган жаратынан улам 7 жашар кыз көз жумган. Бишкек ШИИБнин ыкчам-иликтөө кызматы тарабынан айдоочу 23 жаштагы М.И.нин өздүгү такталды.

Унаа айып токтоочу жайына токтотулду. Чогултулган материалдар Бишкек шаардык милициясынын колуна тапшырылды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости