www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишекете уурулукка шектелген жаран кармалганын шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга борбор калаанын И.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 3-апрелде таңкы саат 04:50 чамасында Киев көчөсүнөн белгисиз адамдар баасы 70 миң сомдук «Trinx M500» маркасындагы велосипедин уурдап кетишкен.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголуп,  шектүү катары А.Ы. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу 18 кылмыш фактысына тиешеси бар экени аныкталып, тергөө амалдары уланууда.

Последние новости