www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү бир жарым сааттан ашык убакытка созулду. Эки президенттин сүйлөшүүсү ачык жана олуттуу мүнөздө болду, деп билдирди Россиянын президентинин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, Владимир Путин Трампка Жеңиш күнү учурунда ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирген жана Трамп муну колдогон.
Путин АКШ лидерине Украинадагы согуштук аймактагы кырдаал тууралуу маалымат берип, "Атайын аскердик операция өз максаттарына жетет жана Орусия муну сүйлөшүүлөр аркылуу жасоону артык көрөт" деп белгиледи. Ал келишимге жетишүү үчүн Владимир Зеленский мурда айтылган сунуштарга оң жооп бериши керектигин билдирди.
Дональд Трамп Путинге Украинадагы жаңжалды чечүү боюнча келишим жакындап калганын айтты.
Ошондой эле, орус президенти 2025-жылдын башынан бери Орусия Украинага 20 000 адамдын сөөгүн өткөрүп бергенин, ал эми Украинадан 500дөн бир аз ашык гана сөөк алганын билдирди.
Трамп Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча өз көз карашын Путинге билдирди.
Путин Вашингтондун Ирандын айланасындагы ок атышууну токтотууну узартуу чечимин туура деп атап, бул кырдаалды турукташтырууга жардам бериши керек жана Иранга каршы кургактагы операция таптакыр кабыл алынгыс жана кооптуу болорун айтты.
АКШ жана Орусия президенттери ошондой эле экономикалык жана энергетикалык тармактардагы өз ара пайдалуу долбоорлордун кеңири келечегин талкуулашты.