www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталганын Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
14-февралда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анда ошол эле күнү Ак-Жол айылындагы стационардык ГАИ постунда психотроптук заттар табылгандыгы билдирилген.
Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалымат тастыкталган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 2,697 граммды түзгөн, психотроптук зат — синтетикалык каннабиноид MDMB-4en-PINACA экендиги аныкталган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинде (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 2004-жылы туулган И.Д. аттуу жаран аныкталган. Шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда окуянын бардык жагдайларын жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоого багытталган кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери улантылууда.