www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектүүлөрдү кармашты.

Октябрь райондук прокуратурасына Ш.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, М.А. жана Т.А. аттуу жарандарга карата мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнгөн. Себеби, 2025-жылдын 16-сентябрында аталган жарандар анын ишенимине кирип, 2019-жылы чыгарылган, баасы 62 миң АКШ долларын түзгөн «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунааны кийинчерээк сатуу шылтоосу менен убактылуу пайдаланууга алышкан. Кийинчерээк аталган автоунааны сатып жиберишип, андан түшкөн акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө аракеттеринин жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1999-жылы туулган М.А. жана 2001-жылы туулган Т.А. аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө улантылууда.

Последние новости