www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-февралда, Бишкек шаарында «Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги: сапат, инновация, өнөктөштүк» аттуу форум өтүүдө. Иш-чара өлкөнүн үрөнчүлүк тармагын стратегиялык өнүктүрүүгө арналган. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирди. 

Нет описания фото.

Форум Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти тарабынан «Агролид» компаниялар тобу жана Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту (КДИИИ) менен биргеликте уюштурулду.

Нет описания фото.

Форумга Кыргызстандын бардык аймактарынан үрөн өндүрүүчү фермерлер, кооперативдердин өкүлдөрү, мамлекеттик жана жеке менчик үрөн чарбалары, тармактык жогорку окуу жайлар, эл аралык уюмдар, ошондой эле агрардык тармактагы алдыңкы эл аралык эксперттер катышууда.

Возможно, это изображение текст

Форумдун негизги максаты — үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө стратегиялык макам берүү, аны Кыргызстандын айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун негизги фактору катары кароо.

Өзгөчө көңүл сапаттуу үрөн материалынын мааниси тууралуу фермерлердин маалымдуулугун арттырууга, тармакка инвестиция тартууга жана өлкөдө үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө системалуу мамиле калыптандырууга бурулууда.

Возможно, это изображение один или несколько человек

Жогорку сапаттагы үрөндөрдүн тартыштыгы, селекциялык базанын эскириши жана илим, бизнес жана мамлекет ортосундагы кызматташуунун жетишсиздиги сыяктуу учурдагы чакырыктардын шартында форум бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин бириктирүү жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу аянтча болууда.

Форумдун программасына панелдик талкуулар, практик-эксперттердин баяндамалары жана үрөндөр менен заманбап технологиялардын адистештирилген көргөзмөсү кирет.

Катышуучулар үрөнчүлүктү өнүктүрүүнүн улуттук саясаты жана стратегиясы, үрөн өндүрүүнүн заманбап технологияларын киргизүү, кооперативдердин жана жеке чарбалардын ролу, үрөн материалынын сапатын камсыз кылуу жана сертификаттоо, ошондой эле илим, мамлекет жана бизнес ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмдерин талкуулашат.

Форумдун жыйынтыгында тармакты өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Нидерландиянын HZPC компаниясы жана «Агролид» компаниялар тобунун ортосунда үрөнчүлүктү өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюу пландалууда.

Последние новости