www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому менен "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коому камсыздандыруу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документке "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана "Мамлекеттик камсыздандыруу уюм" ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков кол коюшту.
Макулдашуу милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында мүлктү, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, жарандык жоопкерчиликти, өмүрдү жана ден соолукту камсыздандыруу, ошондой эле ташууларга жана авиациялык инфраструктура объекттерин пайдаланууга байланыштуу тобокелдиктерди камсыздандыруу каралган.
Тараптар узак мөөнөттүү кызматташуунун шарттарын иштеп чыгып, негизги багыттар боюнча тиешелүү келишимдерди түзүүнү пландаштырууда.