www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын түштүк тарабында атмосферага нормадан ашыкча булгоочу заттарды чыгарган автоунаа аныкталды.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгына жарандардан автоунаадан коюу кара түтүн чыгып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Кайрылуунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, тиешелүү автоунааны аныктаган. Унаа «Э-А» ишканасына таандык экени белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында автоунаадан атмосфералык абага белгиленген ченемдерден ашыкча өлчөмдө булгоочу заттар чыгарылып жатканы аныкталган.

Факты боюнча «Э-А» ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы маалымдады.

Последние новости