www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиянын отурумунда бир катар кадрдык чечимдер кабыл алынды.

20-августта «Тунгуч» залында Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана мэриянын жылдын экинчи жарым жылдыгына карата алдыда турган милдеттери талкууланды.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Жылдызбек Абдраимов төрагалык кылышты.

Коллегияга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, төрт административдик райондун башчылары, муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Отурумда борбор калаада жол инфраструктурасын жаңыртуу, эскирген канализация жана жылуулук менен камсыздоо тармактарын модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Отун-энергетика комплексиндеги иштин натыйжалуулугун жогорулатууга байланыштуу эки кадрдык чечим кабыл алынды.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын директору болуп Нургазы Курманбеков дайындалды.

Ал эми Бишкек шаарынын мэринин отун-энергетика комплекси боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу кызматына Насипбек Керимов дайындалды.

Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары болуп иштеген.

Мындан тышкары, мэр оңдоо иштеринин мөөнөтүнө таасир эткен учурдагы курулуш нормаларын жана эрежелерин (СНиП) кайра карап чыгууну тапшырды. Анын айтымында, айрым талаптар ремонт иштеринин негизсиз кечигишине алып келүүдө.

Ошондой эле административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын курамына кирген жаңы конуштарды суу менен камсыздоо жана канализация тармактарына кошуу боюнча иштерди жүргүзүү милдети коюлду.

Бул иштерди координациялоо мэрдин отун-энергетика комплекси боюнча орун басарынын милдетин аткаруучуга жүктөлдү.

Последние новости