www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир нече алдамчылык иш-аракеттерине шектелген жаран чет өлкөдөн кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, алдамчылык иш-аракеттери менен жарандарды олуттуу чыгымдарга учуратып, ыңгайсыз абалга алып келген шектүүнү кармоо боюнча атайын иш-чаралар жүргүзүлгөн. Кармалган жаран бир нече алдамчылык иш-аракеттерин жасоого шектелүүдө.

2018-жылдын ноябрь айында Б.М. аттуу жаран алдоо жолу аркылуу акчасын бөлүп төлөйм деген шылтоо менен Toyota Camry унааны алган. Андан соң шектүү унааны сатып жиберип, акчасын өзү керектеген. 2018-жылдын октябрь айында шектүү дагы бир шаардын тургунунун Mercedes-Benz E430 унаасын 8 миң долларга саткан. Бирок бир аптадан кийин шектүү унааны кайра 5 миң долларга алып, 3 миң долларын кийинчерээк берем деп алдап кеткен.

Ошол эле жылдын күз айында шектүү дагы 3 унаага алдоо жолу менен ээлик кылган. 2019-жылдын февраль айында шаардагы дүкөндөрдүн биринде жубайыма сатып алганы жатам деген шылтоо менен алдап 83 миң 800 сомдук уюлдук телефондун акчасын бөлүп төлөө менен алган. Андан соң толук суммасын төлөбөй изин жашырып качып кеткен.

"Шектүү 1986-жылы туулган Б.М. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болот. Ленин РИИБи тарабынан издөөгө алынган. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Бир нече кылмыш иштерин жасагандан кийин ал чет мамлекеттердин бирине качып кеткен. Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында 2021-жылдын январь айынын аягында жаран Б.М. Казакстан Республикасынын Алматы шаарынан кармалды. Шектүү Алматы шаарынын полиция департаментинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда Кыргыз Республикасына эсктрациялоо боюнча маселелер чечилип жатат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости