www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атамбаевдин бийлиги тушунда чет мамлекеттен карыздар көп алынган. Эгер анын шарттары аткарылбай, убагында төлөй албасак, объектилер насыя берген тарапка өтүп кетет. Бул өтө ири объектилер. Мамлекет башчы кыйынчылыктарга карабай, каражат таап, насыяларды кечиктирбей төлөөгө ишендирди. Объектилер эч кимге берилбейт», - деди президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек. 2020-жылдын соңуна карата алынган маалымат боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 850 миллион 730 миң долларды түзгөн. Бул абал боюнча саясат таануучу Эмил Жороевге собол салдык.

- Кыргызстандын тышкы карызы Атамбаевдин убагында кескин көбөйүп кеткендиги, ал эми азыр төлөө убактысы келгенде кыйынчылык туулуп жатканы – бул факт. Өзгөчө Кытайдын экспорттук-импорттук банкынан алынган кредиттердин шарттары боюнча талаш жаралчу болсо, чечүү маселеси арбитраждык жактан кандай каралары чындыгында өтө кооптуу. Кыргызстанга зыяны тийе турган потенциалда кол коюлганы талашсыз.

Мындай болгону менен жыйырманчы жылдан бери келе жаткан экономикабыздын абалын эске алып, ага так, сергек баа берип, менимче, сүйлөшүүлөр аркылуу экономикалык иш-аракеттер менен ал карыздарды төлөөгө аракет кылышыбыз керек. Азыр бизде жетекчилик тараптан да, эл тараптан да «төлөй албай калабызбы?» деген сыяктуу коркуу, дүрбөлөңгө түшүү туура эмес. Конструктивдүү эмес. Четтен күнөөлүүлөрдү издеп, коркунучтарды издеп тургандан көрө, реалдуу, алгылыктуу маселе чечүүнүн жолдорун издешибиз шарт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости