www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Колумбияда жаалданган уй ооруканага кирип кетип, ал жерде дарыгерге көрүнүү үчүн кезекте отургандарды сүзгүлөп кирген.
RT окуя Сан-Луис муниципалитетиндеги Сан-Рафаэль шаарында болгондугун билдирди.
Видедон жаныбар имараттын ичине капыстан кирип келип, агрессия менен ошол жерде отургандарды тебелеп, бурчка такап алып сүзгүлөп баштагандыгын көрүүгө болот. Ал жердегилер ар жакка качып кутулганы менен алардын арасынан бир аял «тутулуп» калган.
Жаныбарды мүйүзүнө байлаган жип менен эшиктен чуркап кирип келгендер тарткылап, андан соң уйдун тайгаланып, бирок ошентсе да жаалы кайтпай, бурчтагыларга кайра жөнөгөн.
Эркек кишилер улам качып чыгып, кайра кирип жатып, акыры уйду эшикке алып чыгышкан. Жаныбар көчөгө чыккан соң да ал жерде тургандарды кууп жөнөгөндүгү акыркы кадрларга түшүп калган.
Бактыга жараша, уйдун «каарына калган» аял жеңил жаракат менен кутулган. Маалыматта медиктердин ага жардам көрсөткөндүгү айтылат.
Булак: NazarNews.kg