www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга сырттан келген каражаттар кайда жумшалат?

Биринчи вице-премьер Артем Новиков БУУнун Кыргызстандагы агенттиктеринин өкүлдөрү менен онлайн-форматта жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Алгач Новиков БУУга COVID-19 пандемиясы учурунда гуманитардык жана техникалык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген.

Аны менен катар социалдык-экономикалык кризистин кесепетин жоюуга ыкчам чара көрүү маселесин ортого салган.

Ал эми БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело 2021-2022-жылдары уюм тарабынан алкактык программанын негизинде алгылыктуу суммада каражат бөлүнөрүн айткан.

Жыйындын соңунда тараптар 10-мартка чейин беш негизги багыт боюнча алкактык программаны иштеп чыгып, кыргыз өкмөтүнө киргизүүгө макулдашышты.

COVID-19га социалдык-экономикалык жактан ыкчам чара көрүү боюнча БУУнун Алкактык программасы беш багыттан турат:

Кризис маалында саламаттык сактоо системасын жана кызматтарын колдоо;

Адамдарды коргоо, социалдык коргоо жана базалык кызматтар;

Экономикалык реакция жана жандандыруу: жумуш орундарын, чакан жана орто бизнести, бейформал сектордогу жумушчуларды коргоо;

Макроэкономикалык чараларга жооп кайтаруу жана көп тармактуу кызматташтык;

Социалдык биримдик жана жергиликтүү коомдун туруктуулугу.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости