www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ар-кыл жаратылыш кырсыктарынын – сел, жер көчкү, суу ташкындардын коркунучу жогорулашы менен ӨКМ кызматкерлерин жогорку даярдыктагы режимге өткөрүү зарыл», - деп билдирди жаз-жай мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча онлайн кеңешменин жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, - деп кабарлайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү аймактардын жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга карай даярдыгын талдоо боюнча тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат беришти.

Бүгүнкү күндө абал туруктуу. Жер көчкү, сел кырсыктары күтүлүүчү жер тилкелеринде үзгүлтүксүз негизде мониторинг жана көзөмөл жүргүзүлөт.

«Жарандарыбыздын ден-соолугун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн баардык зарыл болгон алдын алуу чараларын жүргүзүү керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн аппараттары убактылуу турак-жайларды жана калк үчүн бардык зарыл нерселерди даярдоону эске алуу менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга даяр болушу керек. Мындан тышкары, калкты өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалымдоо тутуму ыкчам иш алып баруусу тийиш», - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өзгөчө кырдаалдарга дуушар болуучу тилкелерди үзгүлтүксүз мониторингдөөнү тапшырды.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жээктерди чыңдоо, селге каршы каналдарды, арыктарды тазалоо иштерин өз учурунда өткөрүү тапшырылды.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги жана айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 10-апрелине чейин ирригациялык тутумдарды даярдоосу тапшырылды.

Өлкөнүн бир катар облустарында алдыда абанын температурасы төмөндөшү күтүлүп жаткандыгын эске алуу менен Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине жазгы-талаа иштеринин жүрүшүнө үшүктүн таасир берүү ыктымалдыгына карай анализ жүргүзүүсү жана түшүмдү жоготуп албоо жана чыгашага кабылбоо максатында адын алуу чараларын иштеп чыгуусу тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости