www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз изделүүдө

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы 2009-жылы туулган Данакулова Аружана Мадиневнанын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иштерин жүргүзүүдө.

Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 2-майында Балдарды социалдык адаптациялоо борборунун тарбиячысы Ленин РИИБге кайрылып, борбордун тарбиялануучусу өз алдынча чыгып кетип, кайра кайтып келбегенин билдирген.

Алдын ала маалымат боюнча, ошол эле күнү саат 18:00 чамасында Аружана борбордон өз алдынча чыгып кеткен. Ошондон бери анын кайда экени белгисиз.

Белгилери:

  • бою болжол менен 160 см;
  • арык дене түзүлүштө;
  • чачы кыска, кара түстө;
  • көзү күрөң.

Кийген кийими:

  • кара жемпир;
  • кара шым;
  • кара түстөгү шлепанцы.

Ленин РИИБ жарандардан өспүрүм кыздын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүнү өтүнөт: 0 (224) 214-346, 0 (705) 450-553, 0 (707) 143-471 же 102.

Последние новости