www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл районунда туристтик сезонго даярдыктын алкагында коомдук тамактануучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мониторинг Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын жана райондук санитардык-эпидемиологиялык кызматтын (СЭС) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Иш-чара Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасынын негизинде уюштурулган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө райондогу 22 коомдук тамактануучу жай каралып, алардын коштомо документтери, ошондой эле эт жана сүт азыктарынын сапаты менен сакталуу шарттары текшерилди.
Мониторингдин жыйынтыгында 6 коомдук тамактануучу жайда коштомо документтер толук эмес экени аныкталды. Бул боюнча мекеме жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча консультативдик жардам көрсөтүлдү.
Кызматтын маалыматына караганда, мындай алдын алуу иш-чаралары тамак-аш коопсуздугун камсыздап, туристтерге көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.
Мониторинг иштери мындан ары да улантылып, аныкталган кемчиликтердин жоюлушу көзөмөлдөнөт.