www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен борбор калаанын инфраструктурасын жакшыртуу, санитардык абалын чыңдоо жана жашылдандыруу максатында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды.
Ишембилик 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин өтөт. Бул мезгил аралыгында шаар аймагын ирээтке келтирүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган иш-чаралар уюштурулат.
Ишембиликтин алкагында көчөлөрдү, парктарды, скверлерди жана короолорду санитардык тазалоо, бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, коомдук жайларды көрктөндүрүү, ошондой эле ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин айланасын ирээтке келтирүү иштерин жүргүзүү пландалууда. Бул иштерге менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар, уюмдар жана мекемелер тартылат.
Административдик райондордун башчыларына муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин уюштуруу жана координациялоо тапшырылды. Ошондой эле объект ээлери, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктери жана шаар тургундары менен өз ара аракеттенүү камсыздалып, катуу тиричилик калдыктарын өз убагында чыгаруу жана башаламан таштанды төгүү жайларынын пайда болушуна жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-августундагы №150 токтому менен бекитилген шаарды көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, мекемелердин жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштерине активдүү катышууга тийиш.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын борбор калааны таза жана көрктүү кылууга багытталган эки айлык ишембиликке активдүү катышууга чакырат.