www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратында күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) кызматынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары, полковник Азизбек Байбалаев, күйүүчү-майлоочу материалдар кызматынын өздүк курамы, ошондой эле бул тармакта көп жыл кызмат өтөгөн запастагы офицерлер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө КММ кызматы Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жана күнүмдүк ишмердүүлүгүн камсыз кылууда өзгөчө маанилүү роль ойной турганы белгиленди. Кызматтын адистеринин жогорку кесипкөйлүгүнүн жана күжүрмөн эмгегинин аркасында аскер бөлүктөрү күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздалып, бул коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруунун негизги факторлорунун бири болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтын өнүгүшүнө жана калыптанышына зор салым кошкон ардагерлерге өзгөчө көңүл бурулду. Алардын эмгегин баалоо иретинде запастагы офицерлерге жана учурда кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларга «КММ кызматы түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы» аттуу юбилейлик медалдар тапшырылды.