www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эркек киши көпүрөдөн кулап кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түнкүсүн, куткаруу кызматына күбөлөр А.Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн белгисиз жаран каналга түшүп кетти деп билдиришкен.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар адамды чыгарып, тез жардам тобуна өткөрүп беришти. Куткаруу иштерине 5 адамдан турган куткаруучулар тобу тартылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эркек башынан жаракат алган. Жабырлануучу азиат улутундагы 40-45 жаштардагы адам, өздүгү тактала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости