www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин коллегиясы өтүп, 2021-жылга карата иш-планы бекитилди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Коллегиянын жүрүшүндө министрликтин алдындагы айрым агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларынын аткарган иши канааттандырарлык эмес деп табылып, аларга эскертүү берилген.

Быйыл төмөндөгүдөй багыт менен иштөө планга киризилди:

2021-жыл ичинде ирригациялык каналдардын курулушу, аларды реконструкциялоо иштерин алдыга жылдыруу;

Асыл тукум мал чарбаларын кайрадан аттестациядан өткөрүү жана сандан сапатка өтүү;

Чектеш райондордогу жайыт жерлерин пайдалануудан келип чыккан маселелерди жөнгө салуу жана жайыттарды туура пайдалануу;

Республикадагы айдоо аянттардын топурагынын асылдуулугун анализдөө иштерин жүргүзүү;

Мөңгүлөрдү сактап калуу максатында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-аракеттерин жүргүзүү;

Азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу;

Дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу максатында өсүмдүктөрдүн сапаттуу үрөнүн өндүрүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости