www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов 2021-жылга Экономиканы турукташтыруу боюнча планды талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, Экономиканы турукташтыруу боюнча план бизнес жана кошумча жумушчу орундар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле социалдык стабилдүүлүктү жана жарандардын ишкердик активдүүлүгүн колдоого багытталган 100 иш-чараны камтыйт.

Өкмөт башчы Экономика жана финансы министрлигинин маалыматын уккан соң, Экономиканы турукташтыруу боюнча планга жарандарыбыздын жашоосун жакшыртууга салым кошо турган иш-чаралар киргизилиши зарылдыгын белгиледи.

«Бизге жарандар үчүн реалдуу пайда алып келүүчү реформалар керек. Экономиканы турукташтыруу боюнча планда кооз сөздөргө жол берилбестен, ал иштиктүү жана реалдуу болушу керек. Өзгөчө басым бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жасалышы тийиш. Мамлекеттик аппараттын ишине тоскоолдук келтирген бюрократиядан четтөө керек. Дүйнөлүк тажрыйбаны, демилгелүү топтордун идеясын пайдаланып, бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштургула. Биз биргеликте гана кагаз жүзүндө калбастан, иш жүзүнө ашырылуучу документти иштеп чыга алабыз», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ал кошумчалагандай, сунушталып жаткан Экономиканы турукташтыруу боюнча план кеңейтилип, ага төмөнкү багыттагы пункттарды кошуу керек:

Дары-дармектер каражаты департаментин санариптештирүү, мында дары-дармектердин наркы төмөндөп, тармактагы коррупциялык көрүнүштөр жоюлат;

агроөнөржай комплексинде кардиналдуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, ага катар бардык аймактарда башкаруунун кластердик тутумун түзүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүүдө райондоштурууну жана калктын муктаждыгын эске алуу менен талдоо жана пландаштыруу аркылуу айыл чарбаны өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу.

Документ тыкыр талкууланып чыккан соң, келип түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости