www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантиндик чаралар дагы узартылды

Украинанын борбору Киевде коронавируска байланыштуу чектөөлөр 30-апрелге чейин узартылды. Шаардын мэри Виталий Кличко 14-апрелде калаада коронавирус жуктургандар жана андан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирди.

«Башка аргабыз жок. Андай болбосо бейтаптардын саны мындан ары да көбөйсө, саламаттыкты сактоо система көтөрө албайт», - деди Кличко.

Киевде карантиндик чаралар өткөн айда киргизилген. Ага ылайык, мектептер, бала бакчалар, театрлар жана соода борборлору жабылган. Ал эми коомдук транспорт да чектелүү санда иштеп жатат.

Виталий Кличко мекеме-уюмдарды жумушчуларын аралыктан иштөөгө же эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн шарттарды түзүүгө чакырды.

13-апрелде Киевде 1457 адамдан вирус аныкталып, 47 адам каза болду. Пандемия башталгандан бери Украинада 1,9 миллион адам вирус жуктурса, 38 миңден ашыгы көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости