www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Бүгүн, 11-августтан тарта жолду реабилитациялоо долбоорунун алкагында Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иштер жолду реабилитациялоо долбоорунун кезектеги этабы болуп саналат. Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн А.Суюнбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштеринин негизги бөлүгү аяктап, жол кыймылы үчүн ачылды. Жолду этап-этабы менен жабуу шаардагы унаа кыймылына мүмкүн болушунча аз тоскоолдук жаратуу максатында жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө жолдун эски асфальт-бетон катмары алынып, жолдун негизин бекемдөө, инженердик тармактарды оңдоо, жаңы асфальт төшөө жана жол инфраструктурасын жаңылоо иштери аткарылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, убактылуу киргизилген жол кыймылынын өзгөрүүлөрүн эске алууга чакырат.

Последние новости