www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан курулуш жана архитектура тармагындагы лицензиялык жана мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн мамлекеттик көзөмөлдүн алкагында “Абрис-Гранд” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында компаниянын лицензиясы жокко чыгарылды. Ошондой эле белгиленген тартипте компаниянын архитектору Александр Усовдун квалификациялык сертификаттары жокко чыгарылды.

Аныкталган олуттуу мыйзам бузууларга байланыштуу министрлик “Абрис-Гранд” ЖЧКсынын жана Александр Усовдун тиешелүү ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербейт деп тааныды.

Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды, уюмдарды жана курулуш тармагынын башка катышуучуларын “Абрис-Гранд” ЖЧКсы жана Александр Усов менен кызматташуудан баш тартууга чакырат. Анын ичинде лицензия жана квалификациялык сертификат талап кылынган курулуш, долбоорлоо жана башка иштерди аткаруу боюнча келишимдерди түзүүдө этият болуу зарыл.

Министрлик мыйзам талаптарын бузган жеке жактар жана компаниялар менен кызматташуу курулуш иштеринин сапатына, коопсуздугуна жана мыйзамдуулугуна олуттуу тобокелдик жаратарын эскертет.

Курулуш министрлиги мындан ары да мыйзам талаптарын бузган курулуш тармагынын өкүлдөрүнө карата мыйзам чегинде тиешелүү жана катуу чараларды көрүп, алардын курулуш иштерине мыйзамсыз катышуусуна жол бербөө боюнча иштерди улантат.

Последние новости