www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Одесса облусунда согуштук тапшырманы аткарып жаткан учурда «МиГ-29» истребители кыйрап түштү.
Бул тууралуу Украинанын Аскер-аба күчтөрү өзүнүн Telegram-каналында билдирген.
«2026-жылдын 10-августунда кечинде согуштук тапшырманы аткаруу учурунда Аскер-аба күчтөрүнө таандык “МиГ-29” истребители кыйрады», - деп айтылат билдирүүдө.
Учкуч катапультация жасап, аман калган жана учурда ооруканада жатат. Алдын ала маалымат боюнча, учак авиациялык ракета учурулуп жаткан учурда өрттөнүп, анын кесепетинен учкуч башкарууну жоготкон.
Эске салсак, буга дейре да 29-июлда Украинада асмандагы буталарды кармоо боюнча согуштук тапшырманы аткарып жаткан F-16 истребители менен байланыш үзүлгөн. Учактын учкучу ийгиликтүү катапультация жасап, аман калган.