www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-сентябрда Бишкек шаардык мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өттү.
Жыйынга мэрдин орун басарлары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, төрт райондун администрация башчылары жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларынын аткарылышы жана Элебесов, Миңжылкыев жана Иманалиев көчөлөрүндөгү реконструкция иштеринин жүрүшү каралды.
Жооптуу кызматтар жолдорду куруу, инженердик тармактарды реконструкциялоо жана подряддык уюмдар менен жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Элебесов көчөсүндө жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүү, тротуарларды куруу жана инженердик тармактарды жаңылоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле «Келечек» конушун суу менен камсыздоо жана долбоордук чечимдерди макулдашуу маселелери каралды.
Миңжылкыев жана Иманалиев көчөлөрүндө жол куруу, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу жана инженердик коммуникацияларды которуу иштери талкууланды. Айрым объектилерде белгиленген мөөнөттөр сакталбагандыктан подряддык уюмдар алмаштырылганы маалымдалды.
Мэр Айбек Джунушалиев инфраструктуралык долбоорлорго тартылган подряддык уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтүп, иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.
Ошондой эле подряддык уюм алмаштырылган учурда мындай чечимдин негиздерин, аткарылган иштердин абалын жана мурдагы подрядчы менен өз ара эсептешүүлөрдү документ түрүндө каттоо тапшырылды.
Жыйындын жыйынтыгында жооптуу кызматтарга тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.