www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Куралдуу күчтөрдүн жаңы штаттык санын бекитти. Тиешелүү жарлык 28-сентябрда кабыл алынып, ошол эле күндөн тартып күчүнө кирди.

Жарлыкка ылайык, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы штаттык саны 2 441 630 адамды түзөт. Анын ичинен 1 550 500ү аскер кызматкери болот.

Орусиянын өкмөтүнө бул штаттык санды камсыз кылуу үчүн Коргоо министрлигине федералдык бюджеттен керектүү каражаттарды бөлүү тапшырылды.

Буга чейин, 27-июлдагы жарлык боюнча Куралдуу күчтөрдүн штаттык саны 2 426 130 адам, анын ичинде 1 535 000 аскер кызматкери деп белгиленген.

Ошентип, жаңы жарлык менен жалпы штаттык сан 15 500 адамга, ал эми аскер кызматкерлеринин саны 15 500 адамга көбөйтүлдү.

27-июлдагы жарлыкта Куралдуу күчтөрдүн курамында аскердик-курулуш бөлүктөрү түзүлгөнүнө байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондой эле Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын штаттык саны 13 400 адам деп белгиленген. Анын ичинен 4 930у федералдык мамлекеттик жарандык кызматкерлер.

Последние новости