www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Кара-Кече көмүрүнүн баасы 6600 сомдон ашпоого тийиш. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ААКтын башкы директорунун орун басары Рустам Садыралиев радио эфиринде билдирди.

Анын айтылымнда, 10-октябрда монополияга каршы орган көмүрдүн баасын бекитти.

«Бүгүнкү күндө аймактарда баалар ар кандай. Монополияга каршы кызматы көмүрдүн максималдуу бааларын бекитип берди. Алсак, Бишкек шаарында Кара-Кече көмүрүнүн баасы 6600 сомдон ашпоого тийиш. Монополия кызматы биздин кызматташкан кампалардагы көмүрдүн баасын 5800 сом деп бекитип берген. Чүй облусунда баалар жол аралыкка жана автоунаа кызматтарына жараша өзгөрөт. Мисалы, Панфилов районунда баа 7200 сомдон ашпашы керек, ал эми Кемин районунда — 6000 сомдун тегерегинде» — деди ал.

 

Последние новости