www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында милиция кызматкерлери курал-жарак жана ок-дары катылган жай табышты. Бул тууралуу 26-июнда борбор калаанын милициясы билдирди.
Жашыруун жай Бишкектеги курулушу бүтпөгөн имараттан табылган. Тергөөдөгү маалымат боюнча, катылган курал-жарак 1981-жылы туулган «Тоха» деген каймана аты бар Ж.Т. аттуу жаранга таандык болчу. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жана Ислам мамлекети (ИГИЛ) террордук уюмунун согушкери болгон.
«Тоха» 2015-жылы Панфилов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде атайын операция учурунда жок кылынган.
Төмөнкүлөр табылды:
- 3 даана тротил шашкасы;
- сериялык номуру жок 9 мм калибрдеги «Макаров» тапанчасы, ок салгычы менен (огу жок);
- 5 даана кол гранатасы;
- ар кандай калибрдеги 500дөн ашык ок
- Р.А. аттуу жарандын наамына таризделген күбөлүк;
- Камчы Көлбаев [2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте УКМК тарабынан жок кылынган], анын жан сакчысы жана «Тоха» чогуу түшкөн сүрөт.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.