www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин тургуну балдар аянтчасынан карусель уурдаганы үчүн эки жыл түзөтүү колониясына кесилди. Чечим Жогорку соттун сайтында жарыяланды.
Аты өзгөртүлдү.
Антон өткөн жылдын апрель айында Владислав жана Олег менен бирге мас абалында балдар аянтчасынан 26 миң сомдук карусель уурдап, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен деп айыпталган.
Соттук териштирүүдө Антон уурулукка катышпаганын, болгону каруселди сыныкка өткөрүп берүү үчүн кесип салууга жардам бергенин айтты. Жабырлануучу кылган ишине өкүнүп, жазасын жеңилдетүүнү суранган.
Бирок Октябрь райондук сотунун судьясы бул көрсөтмөлөрдү кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракети катары баалап, ага ишенген жок. Антон уурулук үчүн күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратуу менен жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө өкүмүн чыгарган.
Булак: NazarNews.kg