www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасында кыргыз тилинин канат бутагы кыркылган абал оңолбой койду. Сыягы, Конституциядагы Кремлге жагынып, расмий тил катары кабыл алган орус тилине болгон статусту жоюш керек.
Антпесе, Кыргызстанда жашап, кыргыздын суусун ичип, ашын жегендер, ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын дегендер эзели кыргыз тилин баркташпайт.
Жаманды коногу билбейт болуп, баары эле кыргызга чоң. Мына Бишкек шаарында жаңы курулган "Кыргыз-Түрк" ооруканасындагы кыргыз кызматкерлерине, ал жерди башкарган кыргыз тилинде сүйлөөгө макулдук беришпей турганы боюнча социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп жатат. Бул боюнча фейсбук баракчасына Айбек Теңизбаев аттуу активист жаран жазды. Ал өз сөзүндө" кыргыз кызматкерлери кыргыз тилинде сүйлөсө түрктөргө аларды ушактап жаткандай сезилет экен", - деп билдирди.
Кыргыз болуп туруп, өз өлкөсүндө өз эне тилибизде сүйлөй албай калган деңгээлге түшүптүрбүз. Бул деген кордук эмеспи. Тиешелүү укук коргоо органдары, Саламаттыкты сактоо министрлиги айтылып жаткан жагдайды иликтеп, чара көрүшү милдет.
Булак: NazarNews.kg