www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөдөн 912 адам мерт кетти. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди.

«Кече күнү түндө Түркияда масштабдуу жер титирөө орун алды. Бул 1939-жылдан берки эң чоң табигый кырсык. Азыркы тапта 912 адам мерт кетип, 5385 адам жабыркады. Бул дагы так сан эмес, анткени урандылар алдында дагы миңдеген адамдар болушу мүмкүн», - деди Эрдоган.

Ушундай эле жер титирөө Сириянын Түркия менен чектешкен жеринде катталган. Акыркы маалыматтарга ылайык, аталган өлкөдө 326 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости