www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Голландиялык сейсмолог Фрэнк Хогербитс окуядан эки күн мурун Түркиянын Сирия, Иордания жана Ливан менен чектеш түштүк-чыгышында жакынкы бир нече күн ичинде күчү 7,5 баллга жеткен катуу жер титирөө болорун айткан. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

2-февралда Нидерландда жайгашкан SSGEOS, сейсмикалык активдүүлүк боюнча геология мониторинг институту, атүгүл видеодо 4-февралдан 6-февралга чейин, балким, 6 баллга же андан жогору сейсмикалык активдүүлүк болушу мүмкүн экенин түшүндүрдү.

Көптөгөн түрктөр өлкө анын эскертүүсүнө мурда кулак салбаганына нааразы.

«Муну кайдан билесиз? Эмне үчүн өлкөлөр чара көрбөй жатат? Сиз бул окуя тууралуу 2 күн мурун билдиңиз. Алар сиздей илимпоздорго ишениш керек болчу», - деп билдирди Түркиянын Келечек партиясынын административдик жана каржы маселелери боюнча кеңешчиси Өмер Айдогмуш твиттердеги баракчасына.

Сейсмолог Фрэнк Хогербицтин божомолдору туура болуп чыкканда, ал кайрадан Твиттерге боор ооруп жатканын билдирди.

«Түркиянын борборундагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандардын баарына көңүл айтам. Мен жогоруда белгилегендей, бул аймакта дагы 115 жана 526-жылдагыдай жер титирөөлөр болушу күтүлгөн. Биз башыбыздан өткөргөн бул жер титирөөлөр көбүнчө планетабыздын татаал геометриялык түзүлүшүнөн келип чыгат», - деди окумуштуу.

Эскерте кетсек, буга чейин Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 284 адамга жеткенин кабарлаганбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости