www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 17-мартында саат 13:30да Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Министрликтин карамагындагы маданият мекемелерине, райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүнө 117 (жүз он жети) нөөмөттүк автоунааны салтанаттуу түрдө өткөрүп берүү иш-чарасы өтөт. 

Иш-чара Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчи Касымалиев Адылбек Алешовичтин катышуусунда болот. 

Массалык маалымат каражаттарын иш-чараны чагылдырууга чакырабыз. 

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 88-т тескемесине ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу Министрликтин карамагындагы маданият мекемелерин, ошондой эле райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүн камсыздоо максатында 117 (жүз он жети) нөөмөттүк автоунаа каражаттарын алуу каралган.

 

Последние новости