www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оман күтүүсүз түрдө Дональд Трамптын “Тынчтык кеңешине” кошулуудан баш тартты жана Тегеранды колдой турганын билдирди. Бул кадам Жакынкы Чыгыштагы геосаясий баланска олуттуу таасир этүүдө.
Султанаттын позициясы боюнча, Оман Израил менен мамилени нормалдаштырбайт жана АКШнын таасирине таянган альянстарга кирбейт. Бул кадам аймактагы лидерлик үчүн күрөшкө да байланыштуу таасир бекемдөө аракети катары бааланып жатат. Анткени Оман эми Бириккен Араб Эмираттарынын ордуна регионалдык экономикалык жана логистикалык хаб катары өзүн көрсөтүүнү максат кылууда.
Кувейт, Катар жана Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөр да Омандын позициясын колдошу мүмкүн. Бул өлкөлөр АКШнын Иранга каршы коргонуу кепилдигине ишенбей, өздөрүнүн коопсуздугун Тегеран менен байланышта камсыздоону көздөшүүдө.
Эксперттердин айтымында, бул аракеттер АКШнын аймактагы таасирине жана Израилди толук интеграциялоо планын ишке ашырууга чоң сокку болот. Эгер Саудия же БАЭ мунай соодасын юань жана башка валюталарда жүргүзө баштаса, бул доллардын кунун түшүрүүгө түз таасир тийгизет.
Аймактагы монархтар бул өзгөрүүлөрдү жай жана көшөгө артында жүргүзүп, Вашингтонго олуттуу чочулоону жаратууда.