www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен ОИИБдин жана Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-мартта Чүй облусунун Ак-Торпок айылында катталган оор кылмыш, тактап айтканда талаадан эки эркек кишинин сөөгү табылган факт боюнча багыттамалар жиберилип, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Аталган иштердин жүрүшүндө кылмышка шектүү үч жаран Баткен ОИИБдин жана Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун аймагынан аныкталып, кармалган.
Бул оор кылмыштын бетин ачууга жигердүү салым кошкон кызматкерлерге Чүй ОИИБдин жана Баткен ОИИБдин сыйлыктары тапшырылды.
Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов сыйлык ээлерин куттуктап, мекен алдында ак ниет жана жигердүү кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, аларга жакшы каалоо-тилектерин айтты.