www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Магистрал көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Бул тууралуу шаардык мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Магистрал көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Манас айылы көчөсүнө чейинки тилкеси унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Чектөө аталган участокто курулуш жана реконструкция иштеринин башталышына байланыштуу киргизилүүдө.

Бишкек шаардык мэриясынын департаменти айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү айланып өтүүчү жолдорду пайдаланууга чакырды.

Последние новости