www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү күйүүчү-майлоочу май (КММ) менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.
Жыйында белгиленгендей, бул маселе Министрлер Кабинетинин туруктуу күн тартибинде турат: күйүүчү май рыногун мониторингдөө боюнча иштер бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде тийиштүү ведомстволордун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн тыгыз өз ара аракеттенүүсү менен жүргүзүлүүдө.
Мунай заттарынын учурдагы запастары жана рыноктогу абал боюнча профилдик мекемелер жаңыртылган маалыматтарды сунушташты. Өлкөгө жеткирүүнүн туруктуулугуна глобалдык геосаясий факторлор таасирин тийгизип, логистикалык чынжырларга жана баа түзүүгө кысым көрсөтүп жатканы белгиленди.
Адылбек Касымалиев КММны импорттоонун альтернативдүү булактары боюнча толук баяндамаларды укту.
Талкуулардын алгачкы этаптарында башталган жеткирүүлөрдү диверсификациялоо боюнча иштер буга чейин эле натыйжа берип жатканы баса белгиленди: бир катар жаңы багыттар боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишилди, бул кырдаалды көзөмөлдө кармоого мүмкүндүк берет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун жана ички рынокто күйүүчү майдын жетишсиздигине жол бербөөнүн стратегиялык маанилүүлүгүнө кайрадан токтолду, анткени бул экономиканын бардык тармактарынын, анын ичинде агрардык сектордун жана транспорттун туруктуу иштешинин негизи болуп саналат.
Жыйындын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди, анын ичинде күйүүчү-майлоочу майды жеткирүү абалына күн сайын мониторинг жүргүзүп, ыкчам отчетторду берүүнү талап кылды.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы мындай жыйындарды жума сайын өткөрүү практикасын бекемдөөнү, ыкчам чараларды көрүүнү жана бардык кызыкдар тараптардын туруктуу даярдыгын камсыздоону тапшырды.