www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери «Канал-Янтарный берег» эл аралык баңгизатка каршы операциясынын алкагында гашиштин ири партиясын колго түшүрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 1982-жылы туулган С.К.А. аттуу жаран кармалды.
Кармалган киши баңгизаттын ири партиясын Токтогул районунан Бишкекке ташып бара жаткан. Ал башкарган «Toyota Camry» унаасын текшерүү учурунда милиция кызматкерлери 10 полиэтилен баштыгына салынган гашиш табышкан.
Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 5 килограмм 115 граммды түздү.
Аталган заттар боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.