www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасына жаңы башкы директор дайындалды.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Шаар мэри Жанарбек Акаевдин буйругуна ылайык, аталган ишкананын жетекчилигине Нурбек Шарабжан уулу келди.
Бүгүн шаар башчысы жаңы дайындалган жетекчини кабыл алып, аны жаңы кызмат орду менен куттуктады.
Жолугушууда мэр шаарды суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, суу берүүдө үзгүлтүктөрдүн алдын алуу, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү жана ишкананын ишин натыйжалуу уюштуруу боюнча конкреттүү милдеттер коюлду.
Маалыматка ылайык, шаар бийлиги калкты ичүүчү суу менен туруктуу камсыздоону жакшыртуу багытында иштерди улантат.