www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте майып кишини бычактап кеткен эки жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-январда саат 10:00дө “102” кызматына билдирүү түшүп,

Трудовая көчөсүндөгү үйдүн жанында эркек кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу кабарланган.Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, жарандын киши колдуу өлгөнүн аныкташкан.

Маркумдун денесине кароо жүргүзгөндө анын көкүрөгүнөн жана мойнунан бычактын жаракаттары табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркум 1967-жылы туулган Ж.Т. экени такталып, ал угуу жагынан экинчи топтогу майып болгон. Ал эми, адам өлтүрүүгө шектүү катары 1968-ж.т. К.А. жана 1971-ж.т. Ш.Б. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр дагы угуу жагынан майыптар болгону айтылат маалыматта.

Азыркы учурда , кармалган жарандар 2 айга СИЗО-1ге киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости