www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 14 жаштагы окуучу кыз курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн секирип кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

«Айни көчөсүндө жашы жете элек С.А. аттуу кыз курулуп жаткан үйдүн алтынчы кабатынан секирүүгө аракет кылган. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана полициянын экипажы жөнөп кетти», — деп айтылат редакциянын маалыматында.

Куткаруучулар жашы жете элек баланы түшүрүп, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Окуянын себептери иликтенип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости