www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иттин өлүгү башкаруу системасында жатат...

Кымбатчылык, жумушсуздук, инфляция, салыктардын өсүшү, сууга, электр энергиясына, таштандыга, канализацияга тарифтердин жогорулашы, ал аз келгенсип кыштын кычыраган чилдесинде светтин өчүшү элди жүдөтүп койду. Нааразы болгондор арбыды. Далайлар Садыр Жапаровго болгон "махабатынан" кайтып жатышат. Ишеним акталбай, үмүттүн шооласы үлбүрөп үзүлгөнү калды. 

Улам жаңы бийлик келгенде эл эми оңолобуз, өнүгөбүз, реформа болот деп үмүт артат. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин  бийликтин элге куру упчу эмизген адаты калган жок. 

Реформа деген эмне өзү деген суроо туулат? 

Реформа – бийликти, мамлекеттеги баардык ресурстарды кайра бөлүштүрүү. Ал эми демократиялык реформанын өзгөчөлүгү, бийликти борбордон оолактатуу (децентрализация), мамлекттик органдарды бизнес менен алек болууга тыюуу салуу, либералдык, ачык, нарк экономикасын өнүктүрүү, социалдык аярлуу катмардагы адамдарга көмөк көрсөтүү жана коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат. 

Чоң саясий реформалар адатта же күч менен, же адамдардын өнүккөн аң сезимине таянуу аркылуу ишке ашат. Бул өңүттөн алганда бизде жакынкы жылдары бир дагы мен деген инсан же саясий уюм реформа жүргүзө албайт. Анын себеби башкаруу системада жатат. 

Башкача айтканда, «иттин өлүгү» дал ушул президенттик институтта десек жарашат. Анткени, болгон былык президентке такалат. Президенттик орунду талашып, интрига, ыңкылап, төңкөрүш, саясий күрөш жүрөт.

Андыктан, президенттин институттун колун байлап, матап, «Англия ханышасы» кылып, устукандын улуусун тартаар мезгилде эле эстей турган номиналдуу кылыш керек. Болгон жоопкерчиликти аткаруу бийлигининин жетекчиси катары премьер-министрге жүктөмөйүнчө абал оңолбойт! 

Премьер-министр Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалып, көзөмөлдө болууга тийиш. Бирок саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн дайындалган премьерди иштен алуу татаал болушу кажет. Парламенттин төрттөн үчүнүн добушу менен кызматтан алууга гана мүмкүн болгон мыйзамдык норма керек. 

Болбосо, президенттик башкаруу, бир кишинин колуна топтолгон бийликтин түбү келип, диктатураны жаратат. Мыйзамга караганда өзүм билемдикке көп жол берилет. Бир адамдын керт башына сыйынуу күчөйт. Кошоматчылык өөрчүйт. Бийликти ачык сындагандар камалат. Сөз эркиндиги муунтулат. Ар дайым элдин башын айланткан бир жактуу маалыматтык манипуляция өкүм сүрөт. Бизден азыр ушундай абал...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости