www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте менчик ишкананын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, шектүү деп кармалган аял өткөн жылдын июнь айында И.Ч аттуу аялдан 50 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып, алдап кеткен.

Алданып калган жаран, арыз менен кайрылгандан соң, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, бул ишке шектүү катары 1991-жылы туулган К.Н. аттуу келинди кармаган. Ушул тапта келин бул  же башка сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

Эгерде кимде ким   шектүүдөн жабыркаган болсо, милиция кызматкерлерине төмөндөгү номерлер аркылуу чалып кайрылса болоорун эскертишет.

Байланыш телефону: 0708 807-027, 0555 102-670.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости