www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаанын бийлиги ичүүчү сууга жана канализациядагы сууларга тарифтерди көтөрүүнү көздөөдө. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкуу үчүн Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жарыяланды.
Мэрия мунун себебин учурдагы тарифтер эскирген насостук жабдууларды, жүк ташуучу атайын техникаларды жаңылоого, ошондой эле суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын реконструкциялоого, ички суу түтүк канализация тармактарын профилактикалык жана авариялык оңдоолорду жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей тургандыгы менен түшүндүрдү.
Мындан тышкары, электр энергиясына, күйүүчү-майлоочу майларга, атайын кийимдерге баанын жогорулашына байланыштуу “Бишкексууканал” ЖКК чыгашага учурай баштаганын, ар кандай авариялык кырдаалдан улам жарандардан түшкөн кайрылуулардын саны өсүп (жылына 16 миңге жакын арыз) жатканын жүйө келтирген.
Ага ылайык, ичүүчү суунун 1 куб метри үчүн төлөм жогорулатылгандан кийин төмөнкүдөй болот:
Ар бир адам үчүн канализацияны пайдалангандыгы үчүн төлөмдү 50% көтөрүү сунушталууда.
Ошондой эле, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн жалпы пайдалануудагы суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тейлөөгө 15,10 сом өлчөмүндөгү тарифти белгилөө сунушталууда. Төлөм жылына бир жолу алынат.
Булак: NazarNews.kg