www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында уруксатсыз орнотулган курулуштарды аныктоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишти жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын, Биринчи май акимиатынын, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жана МАБдардын өкүлдөрү жүргүзүүдө.

"Бугу-Эне-Багыш жаңы конушунда белгисиз адамдар пескоблоктон пайдубал тургузушкан. Бул фактынын негизинде ал адамдардын өздүгү такталууда.

Ак-Босого конушунун Чүй 58 көчөсүндөгү №44 жер тилкесинде уруксат документтери жок турак жайдын курулушу башталып, менчик ээлеринин өздүгү такталып жатат.

Мурас-Ордо конушунун №2254 тилкесинин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, мыйзамсыз курулган пайдубалды үй ээлери өз ыктыяры менен алышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул жаатта текшерүү иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости