www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле 2023-жылга иш планы каралат.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.

Министрлер кабинетинин жыйыны УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт. Көрсөтүү саат 14:00дө башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости