www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Ишеним грамоталарын тапшырууга байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Салтанаттуу азем Анкарадагы Президенттик сарайда өттү.

Түркиянын Президентине Ишеним грамоталарын тапшыргандан кийин эки тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө Элчи Казакбаев Президент Эрдоганга Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун атынан келе жаткан жаңы жылга карата саламын жана жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Жолугушуу учурунда тараптар мамлекеттер ортосундагы тарыхый достук жана бир туугандык мамилелердин жогорку стратегиялык деңгээлин белгилешти. Кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн, кеңейтүүнүн жана чыңдоонун жолдору, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы көп тараптуу форматтагы мамилелер кеңири талкууланды.

Элчи ошондой эле Жапаровдун Эрдоганды 2023-жылы Кыргызстанга келүүгө чакырганын эске салды.

Эрдоган Казакбаевди Түркиядагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости